Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Буга чейин президентти колдоп келген спортчу Дастан Шаршеев казиного каршы чыккан

ММА мушкери Садыр Жапаровго динге ишенген адам катары оюндун арам экенин эскертти

Буга чейин президентти колдоп келген ММА мушкери Дастан Шаршеев казинонун ачылышына каршы экенин айтып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылды. Бул тууралуу спортчу Instagram социалдык тармагындагы баракчасына видеокайрылуу жарыялаган.

«Кантип келгениңди эмес, кантип кетериңди ойло» деген кеп бар. Алтын сатуу менен биз байыган жокпуз. Анан казино ачуу менен биз байып калабызбы? Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Биз ушундай депутаттарды, өкмөттү шайлаганбыз. Мен революцияда Садыр Жапаровду биринчилерден болуп колдогом, анткени мен жаркын келечекке ишендим.

Садыр Жапаров сиз намаз окуган адамсыз. Динде кумар арам деп айтылат. Камчыбек Ташиев, казино канча тагдырларды талкалаганын билесиң. Натыйжа сизге белгилүү. Андыктан мен жаран катары кайсы тарапты карманаарымды ачык айткым келет», - деди спортчу.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх