Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Мадоннанын хореографы менен жолугушту (фото)

Бул заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турун уюштуруу жөнүндө болду. Кыргызстандын атынан эки бийчи катышат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Fasion Concept фестивалынын заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун уюштуруучуларынын бири Жан Воинов жана иш-чаранын ардактуу чет элдик коноктору – чемпионаттын уюштуруучусу Канон Зузоа жана Мадоннанын хореографы Марвин Гофин менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө уюштуруучулар ири иш-чараны өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн муниципалитетке ыраазычылык билдиришти.

25-июнда "Дордой Плаза" соода жана оюн-зоок борборунда өтө турган тандоо туруна КМШ өлкөлөрүнөн келгендердин баары катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы менен Парижде өтө турган Fasion Concept фестивалында заманбап бий боюнча чемпионатта Кыргызстандын атынан чыгуу үчүн 2 эң күчтүү бийчи аныкталат.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх