Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкектеги газ жабдууларын оңдоо иштери эрте бүтүп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ишканадан оңдоо иштери 20-июлга пландалып бүтөрүн билдирди

Кыргызстандын социалдык тармактарында Бишкектин газ бөлүштүрүүчү системасындагы газ жабдууларын оңдоо иштери эрте бүтүп жатканы тууралуу маалымат тарады.

Vesti.kg сайтынын редакциясы «Газпром Кыргызстан» менен байланышып, анда бул маалымат четке кагылды.

«Кыргызстандын борборундагы газ бөлүштүрүүчү системаны оңдоо пландалгандай 20-июлда аяктайт», - деп түшүндүрүштү компаниядан.

Тактап айтканда, «Газпром Кыргызстан» ишканасы газ түтүктөрүн пландуу оңдоо үчүн 20-июндан 20-июлга чейин Бишкектеги газды өчүргөн. Борбор калаанын бардык борбордук району көгүлтүр отунсуз калды (Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева (Ала-Арча дарыясы), Малышев, Касымалы Баялинов (БЧК), Журналная жана Жибек Жолу көчөлөрү менен чектелген). Кичи участоктордо этап-этабы менен өчүрүүнүн мүмкүн эместигин ишкана газ кудуктарындагы клапандардын жана крандардын начарлашы менен түшүндүрдү.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх