Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы үчүн спорт залдын курулушу кандай жүрүп жатат (фото)

Объекттин баасы 98 млн 677 миң сомду түзөт. Аны быйыл пайдаланууга берүү пландалууда

Бир күн мурун, 26-июнда Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев “Жаштык” спорт комплексинде аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команда үчүн курулуп жаткан спорт залдын курулушу менен таанышты.
Борбор калаада күрөш залынын курулушу республикалык бюджеттен 2022-жылы башталган. Спорт комплекси 3 кабаттуу долбоорлонгон, жертөлөсү да бар, курулуп жаткан имараттын жалпы аянты 1875,2 м2. Имарат спортчуларды даярдоо үчүн бардык заманбап талаптарды камсыз кылат: жабдылган күрөш жана машыгуу залдары, дарылоо жана калыбына келтирүүчү бөлмөлөр, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр, душтар. Ошондой эле салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн зал, ашкана жана уктоочу бөлмөлөр бар. Подрядчы тарабынан жер төлөнүн бетондоо иштери бүткөрүлүп, 1-кабаттын монолиттүү шыбын куюу үчүн опалубкаларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, объекттин баасы 98 млн 677 миң 200 сом болсо, быйыл объектти бүткөрүүгө 95 млн 911 миң 200 сом бөлүнгөн. Объекти быйылкы жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Курулуштун жүрүшү Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетыбаевдин жеке көзөмөлүндө.

Госстройдун сүрөттөрү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх