Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдук тергөөчү мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпиону болду (фото)

Бул анын биринчи жеңиши эмес. Буга чейин Кымбат Нуржанова дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси болгон

Кыргызстандык милициянын лейтенанты Кымбат Нуржанова мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

21-27-июнь күндөрү Саха Республикасында дүйнө чемпионаты өттү. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн спортчулар катышты. Кыргызстандын курама командасы чемпионаттын кожоюндарына гана утулуп, командалык экинчи орунду ээледи.


Кымбат Нуржанова 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.


«Бул анын эл аралык мелдештердеги биринчи жеңиши эмес», - деп белгилешти ведомстводон. - 2021-жылы Өзбекстанда, Түркияда, Финляндияда үч этап менен өткөн дүйнөлүк чемпионатта да алтын байгеге ээ болгон.

Бир күн мурун Чолпон-Атада чемпионду кесиптештери жана күйөрмандары тосуп алышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх