Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы Тунгучтагылардын арыздарына жооп берди (фото)

Ауэзов көчөсүндөгү таштандылар  чыгарылды

Бишкек шаардык мэриясы «Тунгуч» кичи районунун жашоочуларынын ал жерден таштандылар маал-маалы менен чыгарылбай жаткандыгы тууралуу арыздарына жооп берди. Шаардык муниципалитет Ауэзов көчөсүндөгү бул участокту «Комтранском» ЖЧКсы тейлей турганын белгиледи.


«Урматтуу жарандар! Таштандылар чыгарылды. Бишкек шаарынын мэриясы Октябрь районунун тургундарын таштандыларды өз убагында чыгаруу үчүн «Комтранском» ЖЧКсына (0312) 58 60 51, 58 60 50 жана (0550) 553 006 телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөт», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты Бишкектин «Тунгуч» кичи районунун тургундарынын Ауэзов көчөсүндөгү таштандылар тоолоруна нааразылыгын билдирген. Шаардыктардын айтымында, коммуналдык кызматтар алардын арыздарына көңүл бурушкан эмес.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх