Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ "Ак-Өргө" жаңы конушундагы мектептеги сабактарда даават кылуу фактысы боюнча экспертиза жүргүздү

Жыйынтык көрсөткөндөй, дааватчынын билдирүүлөрүндө диний кастыкты козутуунун белгилери жок

Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан мектепте окулган диний насаат боюнча экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу ордо калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Мектепте сабак учурунда насаат тууралуу маалыматтарды таратуу фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, мугалимдер, мектеп окуучулары жана диний ишмердин өзү суракка алынды. Дааватчынын билдирүүлөрүндө диний кастыкты козутуунун белгилери жок экени белгилүү болду», - деп жыйынтыктады укук коргоо кызматкерлери.

Тактап кетсек, кеп мектепте насыят айткан дааватчы Өзүбек Чотонов жөнүндө болуп жатат. Социалдык тармактарда ал мектепте кантип "сен сүйө албайсың" деген программаны тартып жатканын комментарийлеген. Аны туура эмес түшүнүп, укук коргоо органдарына арыз жазган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх