Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт
Убактылуу суусуз кала турган көчөлөрдүн жана аймактардын тизмеси
Диаметри 300 миллиметр болгон суу өткөргүчтө оңдоо иштерине байланыштуу 14-июлда саат 10.00дөн 18.00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
     
Төмөнкү аймактарда ичүүчү суу токтотулат:
     
- Койбагаров көчөлөрү Каралаевден Юнусалиевге чейин;
     
- Беларусь көчөсү, 121 дарегиндеги Атайын балдар үйүндө;
     
- Юнусалиев көчөлөрү Койбагаровдон Горькийге чейин;
 - Ахунбаев көчөлөрү Юнусалиевден Каралаевге чейин.
     
Ушул эле күнү Жумабек-Шевченко көчөсүндөгү диаметри 160 миллиметр суу өткөргүчтө оңдоо иштерине байланыштуу саат 09.00дөн 18.00гө чейин таза суу берүү токтотулат.
Турак жай имараттары жабылууга тийиш:
  - Жибек Жолу пр., 144;
  - Жумабек көчөсү, 225, 232, 233, 235, 237;
  - Үмөталиев көчөсү, 157;
  - М.Фрунзе көчөсү, 571.
     
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www