Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын от казандары кышка даярданууда

Башкы инженер шаардын батыш тарабындагы мектептерди, ишканаларды жана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылган откананын даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын директору Жамалбек Ырсалиевдин тапшырмасы менен башкы инженер Нурмат Балтабаев отканалардын кышка карата даярдыгын текшерүүдө.

19- июль күнү башкы инженер борбор калаанын батыш тарабындагы мектептерди, социалдык мекеме, ишканаларды, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган №6 тилкеде жайгашкан откананын кышка даярдыгын текшерди.  

Иш-чаранын алкагында башкы инженер аталган отканага караштуу №40, №59, №7 мектептерди,  Лев-Толстой, Тойгонбаев көчүсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү жылыткан отказандардын абалын көрдү.  

Текшерүүнүн жүрүшүндө башкы инженер аталган тилкеде жайгашкан отканалардын кышка даярдыгы анча жакшы эместигин белгилеп, откана жетекчиси Талант Асанбековго ишти сапаттуу жасоону тапшырды.

Эске салсак, №6 тилкедеги откана Ленин районуна караштуу №82, №96, №59, №40, №74 Биринчи май районуна тиешелүү №54, №19, №41, №15, №49 мектептерди жана Чайковский, Лев-Толстой көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздайт. Отканада бардыгы 14 отказан бар.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх