Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ысыктан улам жашыл көчөттөрдү сугаруу күч алды

Автоматтык сугарууга “Тазалык” жана “Бишкекжашылчарба” ишканасынын 20дан ашык атайын техникасы тартылды

Аба-ырайына байланыштуу “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүндөгү, сейил бактар менен аянттарындагы жашыл аянтчаларды сугарууну күчөттү.

Түштөн кийин борбор калаанын багбандары шлангдар менен сугарышып, суу ташыгычтардын жардамы менен жашыл жерлерди сугарып башташты. Сугат иштери кечки саат 18:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин улантылды.

Автоматтык сугарууга “Тазалык” жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын 20дан ашык атайын техникалары тартылды.

Октябрь районунда күчөтүлгөн сугат иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлдү: Ынтымак сейил багында, Тунгуч кичи районундагы скверлерде, №6 кичирайонунда, Көк-Жар конушундагы Ахунбаев көчөсүндө, А.Токомбаев, Сүйөркулов көчөлөрүнүн Ахунбаев көчөсү менен кесилишинде Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев, Масалиев, Сухэ-Батор-А.Токомбаева, 7-апрель-Л. Толстой, Куттубаев көчөлөрүнө чейин.

«Ынтымак-1» паркында сугат иштерине 4 даана атайын техника тартылды.

Биринчи май району боюнча: Боталиев көчөсүнүн боюндагы паркта, Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин, Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн Аска-Таш комплексине чейин, Киев көчөсү  Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Токтогул көчөсү  Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Абдрахманов көчөсү  Медеров көчөсүнөн  Жибек-Жолу проспектисине чейин, Чүй проспектиси  Абдрахманов көчөсүнөн  Манас проспектисине чейин.

Ленин району боюнча: Ахунбаев-Курчатов, Ахунбаев-Тыналиев, Гагарин көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар, Тыналиев көчөлөрүнө чейин.

Свердлов району боюнча: Театралдык скверинде, Свердлов акимиатында, Ибраимов-Бөкөнбаев көчөлөрүндө.

Бардык райондордо гүлзарлар да сугарылууда.

Эске салсак, ар бир суу ташыгычта 8000 литр суу бар жана бир түндө болжол менен 5-6 сапар жасайт.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх