Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Кулжа районунда балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн бир дагы учур катталган эмес

Кудайберген Базарбаев жергиликтүү социалдык кызматкерлерди мактады

Кара-Кулжа районунда балдарга карата зордук-зомбулук боюнча бир дагы учур каттала элек. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев аталган облустун калкы менен болгон жолугушууда билдирди.

«Учурда райондо 32 миңден ашык бала жашаса, анын 2,1 миңи мигрант ата-энелердин балдары, алар базага киргизилген. Үймө-үй кыдыруу тынымсыз жүргүзүлүп турат. Райондо туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жаңы төрөлгөн ымыркай жок. Жыл башынан бери документи жок аныкталган 15 баланын баарына күбөлүк берилген. Бөлүм балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди натыйжалуу жүргүзүп келет. Анан жыйынтык бар – зордук-зомбулук фактылары катталган жок», - деди ал.

Министр Кара-Кулжа районунун бөлүм башчысы Бегайым Бокотбаеванын балдардын укугун коргоодогу эмгегин белгиледи.

Жолугушуу Базарбаевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өтүүдө. Жолугушуунун катышуучулары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, улгайган адамдар жана башка социалдык кызматтарды алуучулар.

«2022-жылга Кара-Кулжа районунун социалдык муктаждыктарына 265 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Райондо 1-июлга карата социалдык жардамга 140 миллиондон ашык адам каржыланган.Жалпысынан район боюнча 11,8 миң адам жөлөк пул алат. Ошол эле учурда министрлик муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү үчүн түрдүү механизмдерди активдүү киргизүүдө. Бөлүм азык-түлүк долбоорун ишке ашырып жаткан биринчи жыл эмес – ун жана өсүмдүк майы, ошондой эле коомдук пайдалуу эмгек же окуу үчүн акчалай жардам берет», - деди министр.

Жолугушуудан кийин жарандар жеке кабыл алууда кызмат адамына кайрылуу жана каалоо-тилектери менен кайрыла алышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх