Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көчө жарыктары күндүз күйөбү? Кабатыр болбоңуз, алар оңдоп жатышат

Көчөлөрдү жарыктандыруунун электр тармактары белгилүү бир аймакта чыңалууну камсыз кылууну же алып салууну камсыз кылбайт

Көчө чырактары күндүз күйүп турса, бул «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы тарабынан тышкы жарыктандыруу тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат дегенди билдирет. Ошол себептен күндүз кээ бир көчөлөрдө жарык күйүп турат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Көчөлөрдү жарыктандыруунун электр тармактары белгилүү бир аймакта чыңалууну камсыз кылууну же алып салууну камсыз кылбайт. Ошондон улам бир нече көчөдө жарык бир убакта күйүп, ал эми «Бишкексвет» ЖКнын энергетиктери чырактарды алмаштырып, байланыш түйүндөрүн кайра карап жатышат. Көчө жарыктары 15 мүнөттөн ашык эмес күйгүзүлөт.

Тышкы жарыктандыруу маселелери боюнча Бишкексветтин Авариялык диспетчердик кызматына: 0 (312) 46-30-89 жана 0 (312) 57-63-51, WhatsApp: 0 (777) 90-21-15 (24/7) телефондоруна кайрылыңыз.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх