Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кочкор-Атадагы жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгерин коррупция боюнча кармады

Атайын кызматтар дарыгер КРСУнун жогорку билими тууралуу жасалма дипломун колдонгонун аныкташкан

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кочкор-Ата шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун дарыгерин пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз борбору билдирди.

Маалым болгондой, кармалган жаран КРСУнун жасалма жогорку билими тууралуу дипломуна ээ болгон, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМКнын кызматкерине текшерүүнү токтотуп, фактыны жашырганы үчүн пара сунуштаган.

Үй-бүлөлүк дарыгер буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Бул факты 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде КЖБР каттоого алынган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 345 (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх