Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги канализация жана суу түтүктөрүндөгү дарактардын тамырлары

Мэрия шаар тургундарын жер астындагы инженердик коммуникациялардын жанына бак-дарактарды отургузбоону өтүнөт

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жамааты канализациялык кудуктарды бак-дарактардын тамырынан жана катуу тиричилик таштандыларынан тазалоону улантууда.

Канализация жана суу түтүк – бул жер астындагы коммуникациялар. Дарактардын, бадалдардын тамырлары суу түтүк жана канализациялык линияларга да жайылып кетет. Алар түтүктөргө оролуп чырмалып калып, түтүктөрдү ийип жана жаап калышы мүмкүн. Бул түтүктөрдүн бузулушуна таасирин берген учурдагы көйгөй болушу мүмкүн: алар ийилип, жаракаларды  пайда кылат, герметикасы бузулат. Казуулардын жана оңдоолордун натыйжасында бак-дарактардын тамырларына доо кетет.

Бак-дарактарды өзүңөрдүн коммуникацияларыңардын жанына олтургузбагыла жана аларга жакын өсүп жаткан бак-дарактарга жакшылап көз салгыла.

Бак-дарактарды Курулуш ченемдери жана эрежелери (КЧжЭ) менен кабыл алынган ченемдерге ылайык жер астындагы коммуникациялардан 2 метр алыстыкта, ошондой эле өтө чоң эмес бадалдарды 1,5 метр алыстыкта олтургузууга жол берилет.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх