Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте ири өлчөмдө көмүр казуу иштери башталды

Шаар жетекчилиги көмүр базаларынын даректерин аныктады

Борбор калаанын төрт районунда кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер башталды. Көмүр камдоо 2022-жылдын июль айында башталган.

Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунун аймагында төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы иштейт:
- Садыгалиев көчөсү, №4б дарегиндеги «Руслан ижана  МАК» ЖЧКсы  (мурдагы «Ак-Жол» ЖЧКсы);
- Мурман көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы (патенттин негизинде: Мустафаев Улан);
- Мурман көчөсү, 45/2  дарегиндеги «Кара-Тоо» ЖЧКсы (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы);
- Мурман  көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги «Береке» ЖЧКсы;
- Мурман көчөсү, 1Б дарегиндеги «Беш Сары» ЖЧКсы ;
- Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы;
- Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги «Болотбеков» ЖИ.

Ошондой эле, жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуу боюнча 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр  базасы бар.

Октябрь районунун аймагында Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү 98а дарегинде «Глобал Азия Пропертис» ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.

Муниципалдык администрациялардын кызматкерлери райондордун МАБдары, үй жана кварталдык комитеттеринин төрагалары жана «Түндүк электр» ААКтын Батыш РЭС өкүлдөрү менен биргеликте райондун жашоочулары менен көмүрдү өз убагында камдоо, электр энергиясын тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануу,  жаратылыш газына кошулуу жана жылытуунун альтернативдүү булактарына өтүү мүмкүнчүлүгүн кароо маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх