Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын командасы танк биатлонун үчүнчү таймашта баштады (фото)

“Танк биатлону – 2022” эл аралык сынагынын командаларынын чүчү кулак ташы өттү

Чүчү кулактын жыйынтыгында Танк биатлону-2022ге катышкан Кыргызстандын командасы 14-августта үчүнчү жарышка чыга турганы аныкталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Коргоо министрлигинен билдиришти.


- Патриот паркындагы (Москва облусу, Россия) Эл аралык армия оюндарынын музейинде 2022-жылкы Армия оюндарынын алкагында Танк биатлону боюнча мелдешке катышуучу командалардын жана танк экипаждарынын чүчү кулак кармоосу өттү, чоо-жайы маалымат кызматында айтылды. -Чүчүкулактын жыйынтыгы менен КР курама командасы Россия, Кытай жана Беларусь командалары менен бир тайпада жашыл танктарда күч сынашат. Кыргызстандын командасы үчүнчү жарышка 14-августта чыгат.


Эске салсак, “Танк биатлону – 2022” эл аралык мелдеши 13-27-август аралыгында өтөт. Ага Европанын, Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 21 мамлекетинин командалары катышат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх