Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төө-Ашуу ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелди жамоо иштери аяктады (фото)

Унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр жок

Төө-Ашуу ашуусундагы Көлбаев тоннелиндеги жамоо иштери аяктады, унаалардын өтүүсүнө чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"7-июлдан 9-июлга чейин, ошондой эле 15-июлдан 17-июлга чейин күйүп кеткен электр кабелин алмаштыруу жана вентиляция системасын калыбына келтирүү иштерине байланыштуу тоннелде унаалардын өтүүсүнө айрым учурларда чектөө киргизилген", — деп айтылат министрликтин маалыматында.  - 22-июлдан 27-июлга чейин, ошондой эле 29-июлдан 7-августка чейин - оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу күз-кыш мезгилине даярдык көрүү. Жакынкы аралыкта башка жолдорду оңдоо иштери күтүлүүдө. Айдоочуларга жол кыймылына чектөөлөр тууралуу алдын ала маалымат берилет”.

Эске салсак, 5-июль күнү туннелдин кире беришинде Лексус 470 үлгүсүндөгү жол тандабас күйүп кеткен.Унаанын ичинде эки адам болгон. Алар жабыркаган жок. Тоннелдеги кырсыктан улам кабель күйүп, электр жарыгы өчкөн.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх