Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖОЖдордо бюджеттик жана контракттык негизде канча орун бар?

Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3% жана келишимдик орундардын 20,14% пайдаланылды

10-август күнү саат 14:00гө чейин боло турган төртүнчү турда 608 бош орун бекер, 66 миң 321 бош орун келишимдик негизде ачылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
     
Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларына кирүү сынактарынын биринчи туру 18-июлда башталып, экинчиси 25-27-июль күндөрү өттү. Үчүнчү тур 1-августта башталып, 3-августта аяктаган.
     
Үчүнчү турда пландалган 1059 бюджеттик орунга 2108 абитуриент, 69120 контракттык орунга 4809 абитуриент арыз берген.
     
ЖОЖдор 663 абитуриентти бекер, 3827 абитуриентти келишимдик негизде кабыл алууну сунуштаган. 6-август саат 16:00гө карата тандалган ЖОЖдо 491 абитуриент гранттык негизде, 3827 абитуриент контракттык негизде окуусун тастыктады.
     
Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3% жана келишимдик орундардын 20,14% пайдаланылды.
     
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх