Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын таза суу менен камсыздоосун жакшыртууга 250 миллион сом жумшалат

Бийлик долбоордун ишке ашуусу менен шаардагы ичүүчү суу көйгөйлөрүнүн көбү чечилет деген үмүттө

Ош шаарынын таза суу менен камсыздоосун жакшыртууга 250 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Шаарды таза суу менен камсыздоону жакшыртуу программасынын алкагында баш суу алуучу жайды жана Ош дамбасына суу түтүгүн курууга тендер жарыяланды», - деп билдиришти муниципалитеттен. - Долбоордун негизги максаты - нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде шаар тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу. Тендердик иш эки этапка бөлүнөт. Биринчи этапта бул жаатта өзүнүн техникалык базасы жана тажрыйбасы бар курулуш компаниялары тандалып алынат. Экинчи этапта иштин баасы аныкталат. Катышуучулардын калыс жана объективдүү тандоосу өзгөчө көзөмөлгө алынат. Биздин максат – жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү».

Шаардын дамбасынын алдында сел өтүүчү каналдар бар экенин, андан улам Ак-Буура дарыясы булганып жатканын мэриядан кошумчалашты.

«Долбоордо сел каналдарын айланып өтүүчү сууну тартуу үчүн 2,4 чакырым суу түтүгүн тартуу каралган», - деп белгилешти алар. - Бул максаттарга АӨБ долбоорунун алкагында 250 миллион сом каралган. Курулуштун мөөнөтү эки жыл.

Басма сөз кызматы долбоордун үстүндө иш 2016-жылы башталганын, бирок иш-чаралар быйыл активдүү практикалык фазага өтөөрүн кошумчалады.

«Долбоор ишке ашкандан кийин нөшөрлөп жааган жамгыр жана сел учурунда жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси 70-80 пайызга чечилет деп күтүлүүдө», - деп жыйынтыктады муниципалитет.

Түшүндүрө кетели, буга чейин шаар бийлиги Ошту таза суу менен камсыздоо маселесин бир нече жолу чечүүгө аракет кылган. Буга бюджеттик каражаттар да, кредиттер да тартылган. 2008-жылы түштүк борбордун мэриясынын УКСсы 24 млн сомго «Канал алдындагы суу өткөргүч» долбоорун ишке ашырган. Долбоор сапатсыз материалдар колдонулгандыктан ишке ашпай калган.

Азия өнүктүрүү банкы Оштогу суу түтүгүнө да каражат бөлгөн: фильтрация галереясын курууга 1,7 миллион доллар жана суу алгычты көчүрүү үчүн 3 миллион доллар. Долбоорлордун жыйынтыгы жарандарды канааттандырган жок.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх