Жалал-Абад облусунда сел жүрдү
Бир нече айылды суу каптап, жолду жууп кеткен
Жалал-Абад облусунда катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
- Анын алдында нөшөрлөгөн жаан жаап, анын кесепетинен Өрүктү-Сай айылында бир нече үйлөрдү суу каптаган, - деп билдиришти башкармалыктан. - Ушундай эле абал Ала-Бука, Аксы, Чаткал райондорунун бир катар айылдарында да түзүлдү. Ала-Бука-Өрүктү-Сай жолун да сел алып кеткен. Бирок куткаруучулар жолду тазалашкан, трасса унаа кыймылы үчүн ачык.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз