Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында узундугу 1830 чакырымды түзгөн Жибек жолу тоо веложарышы башталды

Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 163 спортчу катышууда

Ош шаарынын борбордук аянтында Жибек жолу тоо жарышы башталды. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 163 спортчу катышууда. Бул тууралуу “Абале” маалымат порталы билдирди.
     
Silk Road Mountain Race — Кыргыз Республикасында 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык веложарыш. Жарыштын жаратуучусу Нельсон Трис 2013-жылы досу менен Кыргызстан аркылуу тандем менен Шанхайдан Парижге барган велосипедчи. 2017 жана 2018-жылдары келген Нельсон Трис Кыргыз Республикасында биринчи жолу веложарыш уюштуруп, республиканын алыскы тоолуу кооздугун эл аралык велоспорт коомчулугуна көрсөткүсү келген.
     
Быйыл биринчи жолу Ош шаарынан Зиптик ашуусу, Арстанбап (Арсланбоб), Казарман, Нарын, Тамга, Ысык-Көлдүн түштүк жээги, Соң-Көл, Тосор ашуусу аркылуу башталып, Бишкек шаарында аяктайт. Маршруттун узундугу 1830 чакырымды түзүп, анын негизги бөлүгү тоолор аркылуу өтөт. Кыргызстандан тогуз спортчу катышууда.
     
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх