Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

№14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Киркомстром аймагындагы оңдоо иштерине байланыштуу №14 троллейбус Бейшеналиева – Москва – Фучик көчөлөрү менен жүрөт

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы No14 троллейбустун каттамы өзгөргөнүн билдирди.Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 15-августтан 20-августка чейин Бейшеналиева – Москва – Фучик көчөлөрү менен No14 троллейбус каттайт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх