Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Август айында Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшү өтөт

Акциянын катышуучулары коляска менен Чолпон-Ата – Каракол каттамы боюнча 135 км жол жүрүшөт

Август айында Ысык-Көлдө майыптар үчүн жөө жүрүш уюштурулуп, алар коляска менен 135 чакырым жол жүрүшөт. Бул тууралуу “Теңдик” майыптар биримдиги” бейөкмөт уюму билдирди.

«Бул жөө жүрүштүн максаты стереотиптерди жана стигманы азайтуу, ошондой эле Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо», - деп белгилешти «Теңдик» бейөкмөт уюмунун уюштуруучулары. - Акциянын жүрүшүндө катышуучулар жол боюнда акимчиликтердин, мамлекеттик жана райондук түзүмдөрдүн калкка социалдык кызмат көрсөткөн жергиликтүү кызматкерлери менен жолугушат. Алар майыптуулукту түшүнүүгө жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга үйрөтүлөт.

Жалпысынан жөө жүрүшкө 21 адам – өлкөнүн беш облусунан 11 эркек жана 10 аял катышат. Жалпы каттам Чолпон-Ата – Каракол каттамы боюнча 135 чакырымды түзөт. Мындай акциялар буга чейин да болгон. Быйыл ал жетинчи жолу болуп жатат.

Тактап айтканда, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 200 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар.

2019-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялап, анда майыптар үчүн бирдей жана жеткиликтүү шарттарды түзүүгө милдеттенме алган.

Бирок, бүгүнкү күндө биздин республикада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын толук жана бирдей жашоосуна тоскоол болгон көптөгөн чечилбеген көйгөйлөр жана тоскоолдуктар бар.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх