Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө кызматтык унаалардын айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча ЖКК рейд өткөрдү.

Үч күндө 307 мыйзам бузуу фактылары аныкталган

Ысык-Көлдө кызматтык унаалардын айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузуунун алдын алуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

- Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа айдаган айдоочулар аныкталып, кармалган. Ошону менен бирге мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматтык унааларын дем алыш күндөрү жана башка максаттарда колдонууга өзгөчө көңүл бурулду, деп белгиледи ИИМ.

РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-августтан 14-августка чейин жол эрежесин бузуу боюнча 307 факты аныкталып, анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа айдашкан.

- Ар кандай мыйзам бузуулар үчүн облустун мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин кызматтык унааларынын 20 айдоочусу жоопкерчиликке тартылды, - дешет укук коргоо кызматкерлери. -Үч күн ичинде айып пулдун жалпы суммасы 789 миң сомду түздү.

Майкл Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх