Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык мектеп окуучулары Индонезияда өткөн эл аралык информатика олимпиадасында коло медалга ээ болушту

Сынакка дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 349 окуучу катышты

Кыргызстандык мектеп окуучулары Индонезияда өткөн эл аралык информатика олимпиадасында коло медалга ээ болушту. Кыргызстандыктардын жеңиши тууралуу маалымат уюштуруучулардын расмий сайтындагы рейтингдик таблицада пайда болду.

Кыргызстандын командасын төрт катышуучу коргоду. Алардын үчөө коло медаль алса, дагы бирөө кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду.

Эл аралык мелдештерде өлкөнү төмөндөгүлөр көрсөткөн:

команданын жетекчиси - Павел Панков;

команданы даярдаган мугалим, жетекчинин жардамчысы - Кылычбек Урайымов.

Медаль ээлери:

Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейден Данияр Бейшекеев;

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейден Айдар Мундузбаев;

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейден Тенгиз Беккоенов.

Тактап айтканда, информатика боюнча эл аралык олимпиада 33 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Сынактын катышуучулары алгоритмдик маселелерди чыгарууда жана программалоодо өз чеберчиликтерин көрсөтүшү керек болчу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх