Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто өзүнчө таштанды таштоочу жайлар орнотулду (сүрөт)

Диспетчерлер жашоочулардын таштандыларды бөлүп, урналарга ыргытууларын  көзөмөлдөйт

Ош шаарында таштанды чогултуучу өзүнчө жайлар орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бул долбоорду шаар мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен «Ош-Тазалык» ишканасы баштаган », - деп билдиришти муниципалитеттен. –  Сорттоочу контейнерлер менен стационардык таштандыларды чогултуучу жайлар орнотулду. Тургундардын ыңгайлуулугу үчүн, таштанды челектеринин  беттери жазылган. Мындан тышкары,  тиричилик таштандыларын иргеп, курулуш жана коммерциялык таштандыларды таштоого жол бербөөчү, ар бир участокто тартипти сактай турган диспетчер болот. Жалпысынан мындай 10 пунктту орнотуу пландалууда”.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх