Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунда 1 миллион долларга 275 орундуу мектеп курулду (фото)

Билим берүү мекемесинин курулушуна Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан насыя берилген

Ысык-Көл облусунда 1 миллион долларга 275 орундуу мектеп курулду, бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

«Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Оттук айылындагы М.Мамбетов атындагы мектептин курулушу 2019-жылдын ноябрь айында башталып, аяктоо алдында турат», - деп айтылат министрликтин маалыматында. - Бул учурда подрядчы бардык курулуш-куроо иштерин бүтүргөн. Учурда ишке киргизүү жана жөнгө салуу, аймакты жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Класстар окуу процессине керектүү инвентарлар менен жабдылып, мектепке ашканаларга керектүү эмерек жана стол жабдыктарын орнотуу иштери жүрүүдө. 275 окуучу орундуу мектепти куруунун сметалык баасы Сауд Аравиянын өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынан 1 миллион 55 миң долларды түздү. Билим берүү мекемесин ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Мамкурулуштун басма сөз кызматы
Сүрөт
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх