КРнын көркөм гимнастика боюнча курама командасы Ислам тилектештик оюндарына катышты
Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 5-орунду ээледи
Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика боюнча курама командасы Ислам тилектештик оюндарына катышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
«Кыргызстандын гимнасттары биринчи жолу топтук көнүгүүлөрдү жасашты», - деп белгилейт мекемеден. - Жеке оюнда Айша Изабекова оюндардын финалына чейин жетип, 8-орунду ээледи. Севара Хаитова жана Элиза Максытова жакшы баа алышты. Жалпы командалык эсепте Кыргыз Республикасынын курама командасы 5-орунду ээледи. Командада Адинай Асанканова, Акмарал Азимова, Аяна Абакирова, Зулайка Карымшакова, Каныкей Курманова жана Полина Казакова бар болчу».
физкультура жана спорт белуму
Фотосүрөт