Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык цирк артисттери эл аралык фестивалда коло медалга ээ болушту (фото)

Биринчи сыйлыкты жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «Аят» акробаттар тобу алды

А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери Нур-Султан шаарында өткөн “Азия жаңырыгы” цирк өнөрүнүн XIII эл аралык фестивалында эки коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу цирктин администрациясынан билдиришти.

Цирктин директору Фархад Бекманбетовдун айтымында, биринчи медалды жана көрүүчүлөрдүн сыйлыгын "Аят" акробаттар тобу алды.

Чыгармачыл топтун жетекчиси Фархат Төлөков.

Топтун артисттери:

1. Токтосун уулу Мухамедали.

2. Жуманазар Ходжаев.

3. Жумабек Абдыгулов.

4. Тилек Мусаев.

«Алмаз» жонглёрлор тобу экинчи колону жана Венгриядагы фестивалга жолдомо алды.

Топтун жетекчиси Алмаз Алжанов.

Артистер:

1. Оксана Гербекова.

2. Милан Алжанов.

3. Марсель Нигаметзянов.

4. Михаил Толкачев.

Шымкент циркинин атайын байгесин Sky акробаттарынын дуэтине ыйгарылды. Артистер - Анатолий Илатовский жана Александра Белецкая.

Фестивалга жалпысынан Беларусь, Венгрия, Вьетнам, Израил, Италия, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Франция жана Казакстан сыяктуу дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 100дөн ашык цирк артисттери катышты.

Сүрөт www


 

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх