Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Биринчи Май районундагы "Тазалык" ишканасы кайрадан таштандыларды чыгара баштады

Муниципалдык ишкана тыгын пайда болгон жерлерден таштандыларды чыгара баштады

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгара баштады.

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкана тарабынан оңдолуп жаткан техникалар жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Учурда Биринчи май районундагы линияда 14 атайын техника иштөөдө.

Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында бул аймактагы катуу таштандыларды чыгарууну «Эко Проф» компаниясы жүргүзгөн.

Бишкек мэриясы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх