Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖККК: Бир жумада республиканын жолдорунда 17 169 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Мас абалында унаа башкарган 229 айдоочуга айып салынды

ЖКК: Бир жуманын ичинде республиканын жолдорунда 17169 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


«Жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол эрежесин одоно бузууга жол бербөө максатында республика боюнча жол кайгуул кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өткөн жумада республика боюнча 17 миң 169 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Алардан:

- транспорт каражатынын айдоочулары тарабынан белгиленген ылдамдык чегинен ашкандыгы үчүн - 3736;

- тиешелүү документтери жок транспорт каражатын айдоо үчүн - 218;

- транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы үчүн - 5470;

- транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбагандыгы үчүн - 19;

- автобейбаштык - 6;

- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн - 962;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз кайра жабдылган транспорт каражатын айдоо үчүн - 75;

- жол белгилеринин, жол сызыктарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн - 5437;

- алдыңкы эшиктеринин алдыңкы айнектери жана (же) каптал айнектери караңгылатылган транспорт каражатын айдоочунун башкарганы үчүн - 41;

- айдоочунун мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн - 229.

919 унаа айып жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул тууралуу ИИМдин ЖККК боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх