Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы жол жана көпүрө: Эне-Сай конушунда иштер бүткөрүлүүдө

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков жол жана көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

Учурда Гидростроительная көчөсүн бойлой Эне-Сай конушунда Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен «Бишкек жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында реконструкциялоо иштери аяктап жатат (фаза- 2) Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен.

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Максатбек Саргазаков  транспорт жана жол - транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү Департаментинин өкүлдөрү менен биргеликте Гидростроительная көчөсүндөгү жол жана көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Көпүрөнүн узундугу 31 метр, туурасы 14,4 метрди түзөт. Жолдун жалпы аралыгы 1,1 км, туурасы 8 метрди түзөт. Эки тарабы туурасы 2,25 метр тротуар менен жабдылган.

Айта кетсек, бул жолдун артыкчылыгы Дордой базарын көздөй бараткан унаа агымын төмөндөтөт. Бул жол эки конушту бириктирет: Дордой менен Эне-Сай.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх