Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада “акылдуу” светофорлор ​​пайда болушу мүмкүн

Бишкек шаарынын вице-мэри Япониянын KYOSAN компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Бактыбек Абдиев «KYOSAN» жапон компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар "Жол кыймылын башкаруунун интеллектуалдык системасы"долбоорунун ишке ашырылышын талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрү жол тыгынын азайтуу үчүн акылдуу светофорлордун системасын тааныштырышты.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кызматтар менен биргеликте борбор калаанын жол тыгыны көп кездешкен  кесилиштерине чыгуу пландаштырышты. Изилдөө үчүн төмөнкү кесилиштер тандалды:
- Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
- 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши;
- 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх