Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БУУнун КРдагы кеңсеси аялдарга жана балдарга карата зомбулук көйгөйлөрү боюнча тренинг өткөрдү (фото)

Катышуучулар улуттук гендердик стратегиянын долбоорунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасын түзүүнү макулдашты

Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева “БУУ – аялдар” Түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран менен биргеликте кыздарга (же жашы жете элек балдарга) карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы чара көрүү боюнча жаңы социалдык технологиялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.


Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлеринин, министрликтердин  жана Бишкек, Ош шаарларынан, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келген кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


Катышуучулар жеке жана кесиптик натыйжалуулукту жакшыртууга зарыл болгон креативдүү талкуу, эмпатикалык мамилени колдонуу ыкмалары менен таанышты.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын жана иш-аракеттер планынын долбоорлору менен бирге кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх