Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Билим берүү министрлиги мектептерди “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча төрт тилде окуу куралдары менен камсыздайт

Сентябрь айынан баштап 9-класста жаңы предмет окутула баштайт

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы мектептерди төрт тилде «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча окуу китептери менен камсыздайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда кыргыз тилиндеги окуу китептери даяр болуп, республиканын мектептерине жеткирилип жатат», - дешти алар. – Мындан тышкары окуу китептери орус, өзбек, тажик тилдерине да которулат. Окуу жылынын башталышына карата билим берүү мекемелери кагаз жана электрондук форматтагы керектүү окуу куралдары менен камсыздалат. Мектептин жаңы предметинин бардык мугалимдери азыртадан эле кадрлар менен толукталган».

Эске салсак, 1-сентябрдан тарта Кыргызстандын мектептеринде 9-класста “Диндердин өнүгүү тарыхы” окутула баштайт. Кийинчерээк Билим берүү министрлиги бул предметти 7-8-класстардын окуу планына киргизүүнү пландоодо.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх