Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Анкарада эл аралык маданият жана искусство фестивалынын алкагында Кыргызстандын күндөрү өттү (фото)

Түркияда КР тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, «Манас» эпосунан үзүндү, ошондой эле комузда улуттук чыгармалар аткарылды

26-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети тарабынан уюштурулган 24-Эл аралык “Анадолу күндөрү” маданият жана искусство фестивалына катышууда.

 

Салттуу фестивалга катышуу үчүн элчилик Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кооз жаратылышын чагылдырган фотосүрөттөр, «Манас» эпосунан фотокомпозициялар, элибиздин салттуу турмушун чагылдырган түрдүү буюмдар жана улуттук тамак-аштар коюлган көргөзмө павильонун даярдады.

 

Анкарада жашаган мекендештер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда маданий программа да даярдалды.

27-августта иш-чаранын алкагында “Кыргызстан күндөрү” кечеси өтүп, анда өлкө тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, “Манас” эпосунан үзүндү, комузда улуттук чыгармалар жана кыргыздын улуттук бийи аткарылды.

 

Иш-чаранын башында расмий өкүлдөр жана фестивалдын коноктору “Кыргызстан” павильонуна барышты, ал эми кеченин аягында элчи Кубанычбек Өмүралиев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы Этимесгут Энвер Демирел кеченин конокторуна сөз сүйлөштү.

 

Иш-чарага Түркиянын борборунун тургундары жана коноктору болгон 5 миңден ашуун адам, Түркия парламентинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары, башка шаарлардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.

Фото  КР ТИМ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх