Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда артында Кыргызстандын жарандары бар жүк ташуучу унаа кармалды

Унаанын ичинде 10 чоң адам жана 15 бала болгон

Түштүк Уралда (РФ) МАИ кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын ташыган жүк ташуучу унааны токтотушкан. Бул тууралуу Орусиянын Жол кайгуул кызматы билдирди.

Полициянын маалыматы боюнча, унаада 10 чоң киши жана 15 бала болгон. Жүргүнчүлөр Кыргызстандан Челябинск шаарына бара жатканы аныкталган.

Унаа Челябинск-Троицк унаа жолунун 132-чакырымында токтотулган. Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузган унаанын айдоочусуна карата эки административдик укук бузуунун материалы козголду.

Жүк ташуучу унаа текшерүүдөн өткөндөн кийин эл Троицкий автобекетине жеткирилип, жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга өткөрүлдү.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх