Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек чет элдиктер үчүн эң арзан шаар деп табылды

Бул рейтингде эң кымбаты Гонконг шаары

Эл аралык Mercer консалтинг компаниясы дүйнөнүн шаарларындагы чет элдик жарандардын жашоо баасынын негизинде рейтинг түздү.

Чет элдиктер жашоого эң арзан шаарлардын үчилтигине Бишкек, Дүйшөмбү жана Анкара кирди. Алдыңкы ондукка ошондой эле Алжир, Тунис, Стамбул, Карачи, Исламабад, Алматы жана Ташкент кирген. Бул тууралуу Борбордук Азия билдирди.

Гонконг чет элдиктер үчүн эң кымбат шаар деп таанылды. Эң кымбат шаарлардын ондугуна Тель-Авив, Нью-Йорк, Сингапур, Токио, Пекин жана Швейцариянын төрт шаары: Цюрих, Женева, Базель жана Берн кирди.

Рейтинг дүйнөнүн ири шаарларында иштеген чет элдик адистердин сурамжылоосунун негизинде түзүлгөн. Изилдөөнүн авторлору шаарларды 200дөн ашык товарлардын жана кызматтардын, анын ичинде турак жайдын ижара акысынын, коомдук транспорттун, тамак-аштын, кийим-кеченин жана көңүл ачуунун баасынын негизинде баалашкан.

Рейтингге Түркмөнстандын борбору, ошондой эле Орусиянын шаарлары кирген эмес.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх