Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 4 миң үй дебитордук карыз үчүн электр жарыгынан өчүрүлөт

Энергетиктер тургундардан төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү суранышат

1-сентябрдан тарта электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасы Бишкектин 4 миң абонентин дистанциялык түрдө электр жарыгынан өчүрөт. Бул тууралуу “Чүй электр тармактары” ишканасынан билдиришти.

Буга абоненттердин дебитордук карызынын көбөйүшү себеп (жалпы карыз 7 млн ​​сом).

Энергетиктер электр энергияга болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү суранууда.

Шаардыктардын ынгайлуулугу үчүн Чүй электр тармактар ​​ишканасынын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү ачылып, анын жардамы менен кызыкдар болгондор канча карыз экенин көрө алышат.

Кошумчалай кетсек, маалыматты күнү-түнү иштеген 1209 телефону же WhatsApp (0551) 001-209 телефону аркылуу алса болот.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх