Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арадагы атышуудан 11 кыргызстандык жаракат алды

Жабыркагандардын баары облустук ооруканага жеткирилген

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо координаторунун ыкчам маалыматы боюнча, 16-сентябрда саат 10.00дө Баткен облустук бириккен ооруканасына 11 жабырлануучу түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Статусу жана диагнозу тууралуу маалымат азырынча бериле элек.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

«Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар», - деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх