Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арадагы атышуудан жабыр тарткандардын саны 18ге жетти

Жабыркагандардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок

Оперативдүү маалымат боюнча, саат 11.00гө карата Баткен облустук бириккен ооруканасында 18 жабырлануучу жатат. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх