Саламаттыкты сактоо министрлиги: Баткен облусунда жабыркагандардын саны 122 адамга жетти
17-сентябрь саат 16.00гө карата маалыматтар
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-сентябрда саат 16.00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 122 адам, анын ичинен 7 адам амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди:
1. Баткен облустук бириккен ооруканасына – 41 адам.
2. ЦОВП Лейлек — 35.
3. ЦОВП Кулунду — 3.
4. ЦОВП Сулукту — 6.
5. Улуттук госпитал – 21.
6. Улуттук хирургиялык борбор – 1.
7. Энеликти жана баланы коргоо улуттук борбору - 7.
8. Ош облустук бириккен ооруканасы - 1.
Учурда Баткенден жабыркагандардын айрымдары атайын учактар менен Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатат. Кошумча маалымат такталгандан кийин берилет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www