Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Аскердик жаңжалда кайрылгандардын саны 163 адамды түздү

144 адам ооруканада дарылануусун улантууда, 19 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 19-сентябрында саат 09.00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 163 адам болгонун билдирди.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмуна түн ичинде 19 жабырлануучу кайрылып, алардын 12си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

144 адам ооруканада дарылануусун улантууда, 19 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталда – 71 адам.

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8.

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору - 8.

4. Тез жардам ооруканасы - 9.

5. Ош облустук бириккен ооруканасы - 4.

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы - 2.

Калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх