Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эки күнгө унаа жолдору убактылуу жабылат

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга сапарына байланыштуу көрүлө турган чаралар

11-12-октябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаа жолдоруна убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мындай чаралар Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына байланыштуу көрүлүп жатат.

Бул төмөнкү жол бөлүктөрү болуп саналат:

- "Манас" аэропорту - Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

- Чүй проспектиси - Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

- Манас проспектиси (Ч.Айтматов) - Чүй проспектисинен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин;

- Байтик Баатыр көчөсү - мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;

- Садырбаев көч. (Баха) - мамлекеттик резиденциядан "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.

Кортежден өтүүдө убактылуу чектөөлөр колдонулат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жол эрежесин сактоого чакырып, бул күндөрү уча тургандарды аэропортко алдын ала жөнөп кетүүнү суранат.

ГУОБДД ИИМ
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх