Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктерди жана борбор калаанын конокторун ачык асман алдындагы концертке чакырышат

Классикалык музыканын концерти КР Эл артисти, дирижер Эрнис Асаналиевдин жетекчилигинде өтөт

16-октябрда саат 16:00дө “Ынтымак-2” сейил багынын амфитеатрында КРсынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы “Манас” Президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт.

Көркөм жетекчиси жана дирижёру – КРнын Эл артисти Эрнис Асаналиев.
Маданий иш-чара оркестрдин кайрымдуулук концерттеринин алкагында жана КР Президентинин Иш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Кирүү акысыз.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди мыкты обондордон ырахат алып, көңүл ачууга чакырабыз.
Маалымат үчүн телефондор:
0312 665-921;
0550 219-219;
0553 046-101;
0707 103-567.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх