Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга эскертет: Таштанды жана жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн айып пулдар каралган

Күздүн келиши менен көчөлөрдө, участоктордо, сейил бактарда мыйзамсыз от жагылып жатат

Күздүн келиши менен көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы жалбырактарды өрттөө фактыларын көбүрөөк каттап жатат.

Кургак чөп күйгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындан тышкары, шамалдын деми көбүнчө өрткө жана кайтарылгыс кесепеттерге алып келет.

Белгилей кетсек, мындай мыйзам бузуу үчүн КР нын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесине ылайык, 7500 сомдон 23000 сомго чейин административдик айып каралган.

«Келечек» конушунун тургундары Жумагулов Н. жана Исмаилов М. тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндүгү үчүн бул берене боюнча жоопкерчиликке тартылышат.

Урматтуу шаардыктар! Түшкөн жалбырактарды компост жасоого болот, бул өсүмдүктөр үчүн жакшы жер семирткич.

Инспекциянын иши боюнча кайрылууларды 0312597526 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх