Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан БУУдан азык-түлүктүн кезектеги партиясын алды (фото)

Продукциялар жакырларга таратылат, бир бөлүгү мектеп окуучулары үчүн ысык тамак линиясы аркылуу билим берүү мекемелерине алынат

Кыргызстан БУУдан азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясын алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Wordl Азык-түлүк программасынын (WFP) өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

- 10 жылдан ашык убакыттан бери Дүйнөлүк азык-түлүк программасына колдоо иретинде Орусия тарабынан азык-түлүк бекер берилип келет, деп билдирди уюм. – Кыргызстан бул жардамды жылына бир нече жолу алат. Учурда БУУнун Бишкектеги кампасына 1950,7 тоннага жакын азык-түлүк (1890 тонна байытылган ун жана 60,7 тонна өсүмдүк майы) жеткирилди. Бул жүктүн бир бөлүгү Ошко бара жатат.


Өлкө боюнча БУУнун долбоорлоруна жардам катары 12,600дөн ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратылат. Атап айтканда, ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу системаларын калыбына келтирүүгө катышкандар; тобокелдиктерди азайтуу үчүн бак-дарактарды отургузуу жана дарыя жээктерин бекемдөө; айылдык көпүрөлөрдү жана дренаждык системаларды куруу; жашоо-тиричиликти өнүктүрүү жана жакшы айыл чарба тажрыйбалары үчүн потенциалды жогорулатуу боюнча тренингдер.


Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстандагы аярлуу үй-бүлөлөргө жана мамлекеттик мектептерге, анын ичинде Баткен жана Ош облустарындагы жабыр тарткандарга 3 миң 495 тонна азык-түлүк таратылган.

«500дөн ашык мамлекеттик долбоорлордун бирине катышуу үчүн ар бир үй-бүлөгө 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет», - деп айтылат уюмдан. - Тамак-аштын бир бөлүгү мамлекеттик мектептерди ысык тамак менен камсыздоого кетет.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх