Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда гемодиализ алган бейтаптардын саны өстү

2022-жылдын 1-октябрына карата ооругандардын саны 2202 адамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 369 адамга көп

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК) маалыматы боюнча, быйыл 2021-жылга салыштырмалуу гемодиализ алгандардын саны 369 адамга көбөйгөн.

Алардын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-октябрына карата ооругандардын саны 2202 адамды түзүп, былтыркыга (1833) салыштырмалуу 369 бейтапка көп.

Ал эмне менен байланыштуу? Бул ооруга чалдыккандардын санынын көбөйүшүнө кандай факторлор таасир этет? Бул суроолор менен Vesti.kg сайтынын редакциясы ММК фондунун басма сөз катчысы Света Байтиковага кайрылды.

Дарыгерлер айткандай, оорунун себептери инфекциянын (кариес, тонзиллит ж.б.) болушу», - деди ал. - Оорунун белгилерине көңүл бурбоо жана натыйжада дарыгерге кеч кайрылуу, өнөкөт ооруларга, кант диабетине көңүл бурбоо, КОВИДден кийинки ооруулар жана башка көптөгөн факторлор.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх