Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте сары жарык берүүчү лампаларды орнотуу иштери башталды

Мындай жарыктандыруу айдоочулардын көзүн чарчатпай турганын борбор калаанын мэриясы белгилейт

 

Түнкүсүн жакшы жарык берүү үчүн «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Юсуп Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө жарык берүүчү светодиоддук чырактарды сары жарыкка алмаштыруу иштерин баштады.

Тышкы жарыктандыруу үчүн жаңы светодиоддук чырактар россиялык «Galad» фирмасы тарабынан чыгарылып модели «Виктория», кубаттуулугу 200 Вт. Алар жогорку сапаттагы жарык берүү үчүн иштелип чыккан.

Сары түс- күндүн түсү, ал боз, булуттуу климатта зарыл болуп эсептелет, анткени ал табигый күн нурунун жетишсиздигин компенсациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул лампалар айдоочулардын көзүн чарчатпайт жана алардын түсү нейтралдуу сары түстө.

Тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, муниципалдык ишкананын диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115.

 

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх