Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көлмө конушундагы Ала-Арча дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө аяктоо баскычында

Буга чейин азыркы өтмөктөн өтүү кооптуу болчу

Биринчи май районунун Көлмө конушундагы Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда.

Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө, Учурда асфальт төшөө үчүн пайдубалын даярдоо иштери бүткөрүлдү, түштүк тарабына ирригациялык түйүндөр тартылды, ушул жылдын аягына чейин көпүрөнүн ачуу аземи пландалган.

Белгилей кетсек, учурдагы өтмөктөн өтүү коопсуздук жараткан эмес.

Ошондой эле, жогоруда аталган муниципалдык ишкана тарабынан  660 метр узундукту түзгөн конуштун Тендик көчөсүнөн баштап Жаш Гвардия бульварына чейин Мыскал көчөсүн оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мэрия Бишкек
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх